• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдө пансионат өрттөндү

21 Тогуздун айы 20219:25 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө пансионаттан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-октябрда саат 03:55те Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында «Роял Бич» пансионатынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылып, өрт саат 04:52де чектөөгө алынып, 06:35те толук өчүрүлгөн.

«Өрттүн кесепетинен пансионаттын кампасынын 20 чарчы метр чатыры жана ичинде курулуш материал, унаа тетиктери күйдү. Өттүн келип чыгуу себеби такталууда»,-деп айтылат маалыматта.

Жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 364