• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ысык-Көлдө жеңил унаа Жыргалаң суусуна кулады

29 Үчтүн айы 2021 11:14 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө жеңил унаа Жыргалаң суусуна кулап кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 28-январда саат 16:00дөр чамасында Каракол-Түп унаа жолунун 13-чакырымында болгон. Анда Volkswagen Golf-2 үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай Жыргалаң суусуна түшүп кеткен.

«Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу жабыркаган. Айдоочусу Ысык-Көл облустук ооруканага жеткирилди»,-деп айтылат маалыматта.

ӨКМнын куткаруучулары барып, сууга түшкөн автоунаны чыгарып, Ак-Суу райондук жол кайгуул кызметкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 128