Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 3 киши каза болду. Бул туурлалуу Ысык-Көл облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-майга караган түнү саат 01:00 чамаларында “DAIMLER CHRYSLER” автунаасы Ысык-Көл районунун Кызыл-Өрүк айылынын күн чыгыш тарабындагы “Улан” эс алуу жайынын бурулушунан рулга ээ боло албай жолдон чыгып, ала салып кетип жол кырсыгына учураган. 3 адам (эркек балдар) окуя болгон жерден каза болгон.
Жол кырсыгы Ысык-Көл РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, тергөө кызматы тарабынан тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.