3-июлда режиссер Турсунбек Үсөнов ооруканада каза болгон. Бул тууралуу КР Кинематографияны өнүктүрүү фондунун сайтында маалымдалды.
Турсунбек Үсөнов 1-июль күнү Токмоктун жанында Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен жол кырсыгына кабылган жеңил унаанын ичинде болгон.
«Ал эки кесиптеши менен кино тартууга бара жаткан. Алардын биринин абалы оор, экинчисинин абалы туруктуу, ооруканада», — деп жазылат маалыматта.
Үсөнов экинчи режиссёр, актёр, сценарист, кинорежиссёр жана режиссер катары 40тан ашык долбоорлорго катышкан.