• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чоң-Алайда жол кырсыктан 3 киши каза болду

19 Кулжа 202411:38 Бишкек Govori.TV

Чоң-Алайда жол кырсыгынан үч адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-июнь күнү Daewoo Nexia менен Mercedes-Benz Sprinter сүзүшкөн. Daewoo үлгүсүндөгү унаанын 22 жаштагы айдоочусу менен эки жүргүнчүсү көз жумган.

Азыркы учурда автоунаалар айып короого киргизилип, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 424