Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык баскычынын экинчи айлампасында Өзбекстан менен Португалия курама командалары кез келди.
«К» тобунда орун алган бул командалардын беттеши АКШнын Хьюстон шаарында өттү. Анда Португалияга өзбекстандыктар 5:0 эсебинде жеңилип калды.
Бул маанилүү оюн үчүн Бишкекте атайын фан-зона уюштурулуп, кыргызстандык күйөрмандар беттешке түз эфирде күбө болушту.