• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өзбекстанда 330 мектеп ачылып, окуучуларды кабыл алды

7 Аяк оона 2020 16:38 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда 7-сентябрдан тартып 329 мамлекеттик мектеп кадимки режимде ишин баштап, окуучуларды кабыл алды. Бул тууралуу Centrasia өлкөнүн Элдик билим берүү министрлигинин маалыматына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик мектептерде жаңы окуу жылы расмий түрдө 14-сентябрда башталарын билдирди. Өлкө боюнча 9 942 жалпы билим берүү мектеби бар.

«5-сентябрга чейин Санитардык-эпидемиологиялык саламаттык борборлору мектептердин жаңы окуу жылына карата даярдыгын текшерип, мектеп кызматкерлери үчүн кошумча тренингдерди өткөрүштү. Мектептерди ачуу чечимин жергиликтүү элдик кеңештердин депутаттары Санэпидкөзөмөл борборлорунун сунушунун негизинде кабыл алышат», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Өзбекстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу мектептер 16-мартта жабылып, онлайн билим берүүгө өтүшкөн.

Количество просмотров: 69