Өзбекстандын Андижан облусунда жайгашкан мечиттин имаратында жарылуу болду.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 12лер чамасында Андижан облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына Избаскан районунда жайгашкан Ахмадали Ходжи мечитинде газ аба аралашмасы жарылганы тууралуу билдирүү түшкөн.
Алгачкы маалыматтар боюнча, 6 адам жаракат алган.