• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Өзбекстанда милиция башчысынын буйругу менен Кызыл китептеги күрөң аюу атылды

8 Чын куран 2023 10:18 Бишкек Govori.TV

Кашкадарыя облусунун Чиракчин районундагы айылдардын бирине кирип барган Кызыл китептеги күрөң аюу жергиликтүү ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин буйругу менен атылды. Мекеме бул «калктын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн» жасалганын билдирүүдө.

Аюунун айылдагы үйлөрдүн биринин сарайына кирип, адамдардан жашынууга аракет кылып жатканы тартылган видео интернеткен 5-апрелде жарыяланган.

Кийинчерээк Өзбекстандын Жаратылыш ресурстары министрлиги аюу Кумдарыядан алыс эмес жердеги үңкүрлөрдүн бирине кирип кеткенин билдирген. Бул аймак ИИМдин, Улуттук гвардиянын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кайтаруусунда экени жана жергиликтүү калк менен аюнун коопсуздугу камсыздалып жатканы кабарланган.

6-апрелде Жаратылыш ресурстары министрлиги аюу Чиракчин райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин буйругу менен атылганын ырастады. Мекемеден аюунун атылышына тиешеси бар жооптуу жетекчилерге карата тартип чаралары көрүлөрүн кошумчалашты.

Количество просмотров: 642