• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жаңы Ак үйдүн курулушуна алмаштырыла турган 16 гектар жерге эмне курулат?

18 Чын куран 202214:00 Бишкек Govori.TV

Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын курулушун атамекендик “TS Group” компаниясы жүргүзөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жаңы Ак үйдүн курулушуна алмаштырыла турган 16 гектар жерге шаардын азыркы планына интеграцияланган, өнүккөн инфраструктурасы бар заманбап көп функционалдуу комплекс курулат.

“Эгер, 16 гектар жердин баасы административдик имараттын иш жүзүндөгү наркынан ашып кетсе, курулуш компаниясы башка зарыл объектилерди куруу боюнча кошумча кызматтарды көрсөтөт”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, мамлекет башчы Садыр Жапаров 15-апрель күнү президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна капсула салган. 21 миң чарчы метр аянтты ээлеген жаңы Ак үйдүн чыгымын инвесторлор көтөрөт, бул үчүн аларга Бишкектен 16 гектар жер бериле турганы белгилүү болду. Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары өлкөдө экономикалык кыйын кырдаалда президенттин жаңы администрациясы курулуп жатканын сындап жатышат.

Количество просмотров: 132