• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жаңы инклюзивдүү билим берүү борбору «Камкор» бардык жарандар үчүн программаларды өткөрөт

29 Жетинин айы 2019 14:49 Бишкек Govori.TV

2019-жылдын 3-декабрында саат 11:00дө Кыргызстандагы АКШнын элчилиги К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасы менен биргеликте инклюзивдүү билим берүү борборунун ачылыш аземин өткөрөт. «Камкор» борборунун аталышы ар кандай жаштагы, түрдүү социалдык категориядагы жарандарды жана алардын физикалык мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, АКШ колдогон программаларга катыштырууга умтулууну түшүндүрөт.

«Камкор» — физикалык мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар үчүн атайын шарттары жана жабдуулары бар Кыргызстандагы биринчи борбор. АКШ элчилиги борборду кеңейтүү жана оңдоп-түзөө иштерине, атайын муктаждыктары бар адамдарга китептерди жана керектүү шаймандарды сатып алууга 37 250 АКШ долларын бөлүп берди. «Камкордо» бардык окурмандар үчүн ар түрдүү программалар өткөрүлөт. Анын ичинде англис тили сабактары, маданий иш-чаралар жана келечекте киреше алып келүүчү код жазуу жана башка кесиптер боюнча семинарлар өткөрүлөт. Китепканадагы АКШ элчилиги тарабынан колдоого алынган «Мейкер Спейс» лабораториясы да илим жана техникага арналган атайын программаларды жана иш-чараларды «Камкор» борбунда өткөрөт.

Кыргызстан 2019-жылдын 14-мартында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялады. Кыргызстандагы АКШнын элчилиги «Камкор» борборун колдоо аркылуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн инклюзивдүү коомду куруу аракеттерине кошулат.

Борборду ачуу аземине Маданият, маалымат жана туризм министирлигинин жана Кыргызстандагы АКШнын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана бардык каалоочулар катышат.

«Камкор» борбору Касымалы Баялинов атындагы китепканада, Огонбаев 242 көчөсүндө жайгашкан. «Камкор» жумасына жети күн бою 9.00дан 17:00ге чейин иштейт. Байланыш маалыматтары: тел: 0312 66 10520; 0555 775 877; электрондук почта: [email protected] ; Facebook: https://www.facebook.com/RYLbyK.Bayalinov/ .

Иш-чараны чагылдырууга кызыккан ММК өкүлдөрү АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин пресс-кызматы менен [email protected] дареги же 0312 597000, 0770 770299 телефон номурлары аркылуу байланыша алат.

Количество просмотров: 61