• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жаңы интерактивдүү “акылдуу” аялдама. «Ынтымак» партиясы келечекке кадам таштады — видео

5 Чын куран 2021 17:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын аймагында ысыкта жана суукта дагы абдан ыңгайсыз болгон аялдамалар орнотулган. Биз коомдук транспортту күткөн элдин ыңгайлуулугу үчүн ысыкта кондиционери жана суукта жылыткычы бар, ошондой эле, коопсуздук тутуму, тынчсыздануу баскычы орнотулган интерактивдүү, жабык, дааратканасы, телефон кубаттагычы, терминалы, жакындап келген транспортту интерактивдүү көрсөткүчү, видеокөзөмөлү, сааты ж.б.у.с. шарттары бар жайлуу аялдамаларды түзүүнү сунуштайбыз. Бул долбоор коммерциялык негизде иштейт, башкача айтканда, аялдама орундары конкурс аркылуу коммерциялык уюмдарга жарнак аянтын пайдалануу жана айрым кызмат көрсөтүүлөрдөн киреше табуу шарты менен берилет.

2021-жылдын 6-апрелинен баштап Бишкекте «акылдуу» аялдаманын макети орнотулган унаалар жүрө баштайт. Жарандар жаңы интерактивдүү жабык аялдаманын кандай экендигин өз көздөрү менен көрүшү үчүн аялдаманын макети орнотулган унаалар шаардагы аялдамалардын жанына токтошот.

Аткаруучу: «МИА Говори»» ЖЧКсы ; дареги: Бишкек шаары, К.Акиев к. 66. Буйрутмачы: “Ынтымак”саясий партиясы. Тираж 1 экз. Чыккан күну: 05.04.21 Буйрутма СПнын шайлоо фондусунан каржыланды, каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Бектенова Ж.Д.

Количество просмотров: 170