• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады

11 Бештин айы 2019 15:46 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик Каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бере баштады. Бул тууралуу аталган органдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк он жылдык мөөнөткө берилет. Анын баасы 732 сомду түзүп, буга чейинки күбөлүккө караганда 570 сомго арзан болот.

Эми быйылкы жылдын июнь айынан бери берилип жаткан убактылуу күбөлүктү алган жарандар жаңысына алмаштырышы керек.

Кыргызстанда 2011-жылдан тарта айдоочулук күбөлүк менен автоунаанын техникалык паспортун даярдоочу бланктар менен камсыз кылуу укугуна «Атлас Крипт» деп аталган, Кыргызстанда катталган компания ээ болгон. Бул компания сегиз жыл ичинде 13 миллион еврого айдоочулук күбөлүк жана 12 миллион еврого техникалык паспорт даярдаган.

Бул келишимдин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу быйыл жаңы конкурс жарыяланып, анда Казакстандын Улуттук банкынын карамагындагы Банкноттук фабрика уткан.

Количество просмотров: 142