• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жаңы салык кодекси: «Дордой Моторс» базарындагы соодагерлер митингге чыгышты (Түз эфир)

27 Бештин айы 2021 9:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-декабрда“Дордой Моторс» базарынын ишкерлери жаңы Салык кодексине ылайык, колдонууга кирип жаткан көзөмөл кассалык машиналарга каршы нааразылык акциясына чыгышты. Алар кризиске байланыштуу ККМди кийинкиге калтырууну талап кылышууда.

Соодагерлер кассалык аппараттардын коюлушуна каршы болуп, мурдагыдай эле патент ыкмасы менен иштөөнү талап кылышууда.

«Контролдук кассалык машинаны орнотууга биздин өлкө даяр эмес. Ишкерлерге толук кандуу түшүндүрүү иштери жүргөн жок. Биз да чыгымдарыбыздан тышкары акча табышыбыз керек. Акыр аягы жаңы эрежелердин кесепети элге тиет. Салык көбөйсө, товардын баасы көтөрүлөт. Кымбатчылык болот. Бизге патент менен иштеген ыңгайлуу. Бюджетти көтөрөбүз деген жүйө менен ишкерлерди кыйын абалга кептеген болбойт. Мамлекет башчы соодагерлердин дагы үнүн уксун”,-деди акциянын катышуучусу.

Кыргызстанда 2022-жылдан тартып жаңы Салык кодекси ишке киргени турат. Министрлер кабинети көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, бюджетке түшкөн салык, бажы төлөмдөрүн көбөйтүү максатын коюп жатат.

Количество просмотров: 1058