• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жаңы-Өзөндө нааразылык акциясына чыккан жумушсуз жарандар ачкачылык жарыялашты

16 Жалган куран 2022 9:27 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында 31-январдан бери нааразылык акциясын өткөрүп жаткан жумушсуз жарандардын бир нечеси 15-мартта ачкачылык жарыялашты. Алар мунай тармагына туруктуу жумушка орноштуруу талаптары аткарыла электигин билдирүүдө.

Акция катышуучуларынын айтымында, өткөн жуманын аягында укук коргоо кызматкерлери алардын митинги «мыйзамсыз» экенин айтып, ондогон киши полицияга чакырылган. Бирок тургундар нааразылык акциясын токтотпой, акимчиликтин алдына топтолууда.

«Биз Жаңы-Өзөн акимчилигинин алдына чогулууну улантып жатабыз. Бир нече киши ачкачылык жарыялады. Биз бийликтеги адамдардан маселебизди тез арада чечип беришин талап кылып жатабыз. Болбосо митингдин катышуучулары мындан да көбөйүшү мүмкүн», — деген акция катышуучуларынын бири.

Акимчиликтин алдына чогулган жарандар 14-мартта шаар башчысы Максат Ибагаровдун атына кайрылуу жолдошкон. Анда алардын 15-17-февраль күндөрү ачкачылык акциясын өткөрүүнү пландап жатышканы айтылган. «Биз «Озенмунайгаз» компаниясына жогорку акы төлөнө турган туруктуу жумушка орноштурууну өтүнүп жатабыз. 4-марттан баштап жергиликтүү бийлик бизге басым кылып, акция мыйзамсыз экенин айта баштады», — деп жазылган катта.

Жаңы-Өзөндө жумушсуздук – курч маселелердин бири. Татыктуу иш менен камсыздоону талап кылган митингдер байма-бай өтүп турат. Шаарда 160 миң киши жашайт.

Количество просмотров: 86