Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 31-декабрда көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет
Чүй, Талас облусунда абанын температурасы 7…9 градус жылуу болушу ыктымал.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунда 31-декабрь күндүз жана 1-январь түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок 1-январь күндүз тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Ысык-Көлдө жаан жаабаганы менен абанын температурасы 0…5 градусту көрсөтөт.
Ал эми Нарында жаан-чачын күтүлбөйт, бирок абанын температурасы -4…-6 суук болору божомолдонду.