О! Мобилдик оператору жалпы кыргызстандыктарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, майрам күндөрү иштөө графиги жөнүндө маалымдайт.
Жаңы жылда байланышта болуш үчүн балансты алдын ала толуктап алыңыздар. Балансты «Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» капчыгы аркылуу, бардык терминалдардан жана O!Store сатуу жана тейлөө кеңселеринен толуктаса болот. Толуктоо үчүн бардык түйүндөрдүн даректери менен o.kg сайтынан таанышып чыгууга болот.
2023-жылдын 31-декабрында төмөнкүлөрдөн тышкары, бардыкдүкөндөр менен сатуу жана тейлөө кеңселери саат 16:00гө чейин иштейт:
2024-жылдын 1-январында төмөнкүлөрдөн тышкары, бардык кеңселерде эс алуу күнү:
2024-жылдын 2-январынан тарта төмөнкүлөрдөн тышкары, бардык дүкөндөр менен сатуу жана тейлөө кеңселери штаттык режимде иштей баштайт:
ostore.kg интернет-дүкөнү буйрутмаларды дем алышсыз, күн сайын саат 09:00дөн 21:00гө чейин 0705 007 000 телефону боюнча кабыл алат. Бишкек шаарынын ичинде акысыз жеткирүү кызматы 31-декабрь, 1- жана 2-январь күндөрү иштебейт. Акысыз жеткирүүгө 3,1 жана 5-январь күндөрү саат 10:00дөн 16:00гө чейин буйрутма берсе болот, ал эми 6-январдан тарта дем алышсыз саат 10:00дөн 20:00гө чейин кадимки иштөө графиги күчүнө кирет.
О! маалымат жана сурап-билүү кызматынын операторлору сиздер үчүн дем алышсыз иштешет. Колдоо кызматына күнү-түнү WhatsApp: +996 705 700 700, Telegram: @o_mobile_operator_bot, o.kg сайтындагы онлайн-чат аркылуу, ошондой эле Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте» же Twitter социалдык тармактарынан жеке билдирүүлөрдүн жардамы менен кайрыла аласыздар.
Белектерди алууга шашылыңыздар
О! Мобилдик оператору сиздерди белек алуу үчүн O!Store дүкөндөрүнө чакырат. Эгерде убактыңыздар жок болсо, жөн гана 0705007000 номерине чалсаңыздар, белек өзү келет – Бишкек ичинде акысыз жеткирүү кызматы иштейт. Азыркы учурда майрамдык акциялар өтүүдө. Дүкөндөрдө дүйнөнүн алдыңкы бренддеринин смартфондору менен аксессуарларынын кеңири ассортименти бар.
Жаңы жылга О! менен бирге.
«НУР Телеком» ЖЧКсынын 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.