Министрлер кабинети 2026-жылдагы жаңы жылдык эс алуу күндөрүн 12-январга чейин узартты.
Буга чейин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдын 8 жана 9-январындагы жумуш күндөрүн башка ишембилерге — 7-февралга жана 25-апрелге которууну сунуштаган.
Министрлик бул долбоор кызматкерлердин майрамдык жана эс алуу күндөрүн натыйжалуу пайдалануусу, ошондой эле жыл башында социалдык жана экономикалык жактан жагымдуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыкканын белгилеген.