• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жаңы жыл күнү коомдук тартипти 12 миңден ашык милиционер камсыздайт

29 Бештин айы 202513:37 Бишкек Govori.TV

Жаңы жыл күнү коомдук тартипти 12 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт

29-декабрда Жаңы жылдык майрамдардын алдында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын өздүк курамы кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн тартибине өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди

Маалыматта айтылгандай, жаңы жыл күнү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 12 миңден ашуун милиция кызматкерлери тартылды.

Өздүк курамдын кызмат өтөөгө даярдыгын текшерүү максатында Ички иштер министринин биринчи орун басары, орун басарлары өлкөнүн бардык аймактарында гарнизондук саптык кароолорду өткөрүштү. Ички иштер министрлигинин жетекчилиги облустарга барып, жеринде кызматтын уюштурулушун жана коюлган тапшырмалардын аткарылышын карап чыгышты.

ИИМдин борбордук аппаратынын башкы башкармалыктарынын жана башкармалыктарынын башчылары обустук жана аймактык бөлүмдөргө бекитилип, аларга майрам күндөрү методикалык жардам көрсөтүү менен, аракеттерди координациялоо жана ыкчам чара көрүү милдеттери жүктөлдү.

Ички иштер органдары жаңы жылдык майрамдардын тынч жана коопсуз өтүшүн камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө. Милициянын күчөтүлгөн наряддары жарандар көп чогулган жерлерде, көчөлөрдө жана коомдук жайларда кызмат өтөп, өлкөнүн ар бир тургуну жана коногу Жаңы жылды коопсуздук шартында тосуп алышы үчүн аракет көрүшөт.

Количество просмотров: 119