• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жаңы жылдык кечелерге тыюу салынды

26 Жетинин айы 2020 13:23 Бишкек Govori.TV

Жаңы жылга карата корпоративдик кечелерди өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева брифинг учурунда билдирди.

«Мындай иш-чараларда көп адам чогулуп, социалдык аралык сакталбай, бет кап тагынышпайт. Чектөө айрыкча мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү. Биз корпоративдик кечелерди өткөрбөш керек деп эсептейбиз», — деди Сурабалдиева.

Вице-премьер-министр азырынча мурда киргизилген чектөөлөрдү алып салуу эртелик кыларын белгилеп, кинотеатрлардын иши аймактардагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша жанданарын билдирди. 

Белгилей кетсек, коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул оору жуккандардын жалпы саны 70 миңден ашты.

Количество просмотров: 146