27-сентябрда «Ата Журт Кыргызстан» фракциясы менен «Мекенчил» депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жаңы жылга карата чет элдик студенттер жана чет элдик жарандар 100 пайыз медициналык камсыздандыруудан өтөрүн билдирди.
Анын айтымында, бардык ишкерлер, дыйкандар жана жарандар 100 пайыз камсыздандырылышы үчүн Министрлер Кабинетинин планы иштелип жаткандыгын кошумчалады.