• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жаан, кар жаайт. 1-апрелге чейин күтүлгөн аба ырайы

29 Жалган куран 2021 14:36 Бишкек Govori.TV

30-31-мартта жана 1-апрелде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы сакталып турат. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 1-апрелде Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

30-мартта жана 1-3-апрелдерде Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында үшүк жүрүшү күтүлөт: өрөөндөрүндө -1…-3°, тоо этектеринде -3…-5° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Количество просмотров: 203