Эртең, 13-июлда түнкүсүн Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Жалал-Абад облусунда, Чүй облусунун дыйканчылык зонасында жана Талас облусунда жаан-чачын болбойт, деп билдирди Кыргызгидромет.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн +16…+21
күндүз +29…+34
Талас облусунда
түнкүсүн +11…+16
күндүз+27…+32
Баткен облусунда
түнкүсүн +16…+21
күндүз +28…+33
Ош, Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн +16…+21
күндүз +28…+33
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн +9…+14
күндүз +20…+25
Нарын облусунда
түнкүсүн +8…+13
күндүз +20…+25
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21 градус, күндүз +31…+33 градус болот.