• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Жактоочу: Алымкадыр Бейшеналиевдин кан басымы көтөрүлүп жатат

15 Кулжа 2022 16:20 Бишкек Govori.TV

Коррупцияга шек саналып, кызматтан убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кан басымы көтөрүлүп жатат. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдиргенин «Азаттык» жазды.

«13-июнда кан басымы көтөрүлүп, кечээ текшерүүдөн өттү. Бейшеналиевдин буга чейин өнөкөт оорулары болгон»,-деп билдирген ал.

Эске салсак, Бейшеналиевге карата “коррупция” беренеси боюнча, эки иш “опузалап пара алуу”, төрт иш “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз контракт түзүү” беренелеринин негизинде иш козголуп, соттун чечими менен 2-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Количество просмотров: 560