Буга чейин ырчы Анжеликанын мурдагы жолдошу Урмат Бекболиев үй камагынын шарттарын бузган деген айып менен 1-июнда кармалганы айтылган.
Анын жактоочусу Шердор Абдыкапаров соцтармак баракчасы аркылуу окуя боюнча маалымат берип, Бекболиев камакка алынбаганын үй камагында эле калтырылганын айтты.
Мунун алдында Бекболиев Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилгени тууралуу видео-маалыматтар тараган.
Эске салсак, 13-майда Бишкек шаардык соту Бекболиевдин бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарганы, ал өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык беренеси боюнча шектелип жатканы маалымдалган.