• Ишенби 6 Теке 2024
  • Суббота 6 Июль 2024

Жакынкы бир саат аралыгында Бишкек шаарында катуу шамал күтүлөт

24 Бугу 2024 14:20 Бишкек Govori.TV

Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертип билдирүү таратты.

Катуу шамал учурунда:

  • Унаанызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;
  • Электр чубалгылары турган жерге барбаңыз;
  • Көз айнек кийиниз.

Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз.

Количество просмотров: 257