Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан тазалык эрежелерин бузган жактарды аныктоо боюнча рейд жүргүзүлдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, рейд учурунда 9 мыйзам бузуу аныкталып, 103 миң 500 сом айып салынган.
Белгиленгендей, Ахунбаев көчөсүнүн Достоевский көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейинки бөлүгүндө таштанды таштоочу үч пункт бар. Контейнердик аянтчалардын демонтаждалганына байланыштуу шаардыктар таштандыларды белгиленбеген жерлерге чыгарууда.
Аталган көчөдө 4 эреже бузуу аныкталган. Турмуш-тиричилик калдыктарын белгиленбеген жерге таштагандыгы үчүн эки жеке адамга жана жеке ишкер Б. А. Мга айып пул салынды. Тигүү калдыктарын таштагандыгы үчүн Д.Ч. Т аттуу жаранга айып протоколу жазылды.
Аталган аймактагы белгиленбеген жерге таштанды ыргыткан жарандарга салынган айып пулдун жалпы суммасы 51 миң сомду түздү.
Арча-Бешик конушундагы белгиленбеген жерлерге таштанды ыргыткан эки жаран аныкталды. Аларга 5 миң 500 сомдон 11 миң сомго айып салынган. Ошондой эле такталбаган жерге таштанды таштаганы үчүн Ас-Казан ЖЧКсына 17 миң сом айып пул салынды.
Рейддин жүрүшүндө кургак жана катуу тиричилик калдыктарын өрттөгөн бир учур аныкталган. Эреже бузган жаранга 17 миң 500 сом айып салынды.