• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Исанов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштеринен кийин ачылды

5 Теке 20249:59 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Исанов көчөсүнүн Ташкент көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жол унаа кыймылы үчүн ачылды.

Белгилей кетсек, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эски асфальтты алып, 2 катмар ысык асфальт төшөп, жээк таштарды, ирригациялык системаны орнотушту, ошондой эле кудуктарды жолдун деңгээлине көтөрүп, эки тараптагы тротуарларды оңдоп, жол белгилерин түшүрүштү.

Количество просмотров: 128