22-ноябрда Бишкектин Төмөнкү жал кичи районундагы Псковская көчөсү №71 дарегинде жайгашкан гараж кооперативинин жерин бошотууда чыр чыкты.
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, гараждын ээлери мэриянын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын кызматкерлерине бензин чачып, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматтык автоунаасы жана атайын техникасы да жабыркаган.
Мэрия буга чейин бул объектилер буздурула турганы боюнча алардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн кабарлады.
Окуя болгон жерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери да барып, иштеп жатат.