• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

«Жалал-Абад» аэропортун куруу боюнча макулдашууга кол коюлду 

25 Жетинин айы 20249:04 Бишкек Govori.TV

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев енен Кытайдын “Чайна стейт констракшн энджиниринг” компаниясынын башкы директору Лю Дун «Жалал-Абад» эл аралык аэропортун куруу боюнча макулдашууга кол коюшту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, тараптардын макулдашуусуна ылайык, аэропорттун курулушун баштоо 2025-жылдын январь айына пландалган. Ага карата Жалал-Абад облусунун Сузак жана Жалал-Абад шаарынын аймагынан 360 гектар жер аянты ажыратылып берилген.

Аймактагы жарандык авиацияны өнүктүрүү максатында министрлер кабинетинин төрагасынын ушул жылдын 20-ноябрында атайын тескемеси чыгарылган.

Облус башчысы бул ири долбоордун ишке ашуусу менен Жалал-Абад облусунун калкынын түйшүгү жеңилдеп, ички жана сырткы каттам жакшыраарын белгиледи. Ага катар кыргыз-кытай алакаларынын өсүүсү, экономикалык байланыштарды бекемдээрин кошумчалады.

Количество просмотров: 107