• Жума 5 Теке 2024
  • Пятница 5 Июль 2024

Жалал-Абадда селден өспүрүм бала каза таап, 300 кожолук көчүрүлдү

18 Кулжа 2024 9:07 Бишкек Govori.TV

17-июнда саат 17:30 чамасында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски-Кочкор-Ата, Бостон айылдарында кокту-колоттордон топтолгон сел жүргөн.

ӨКМ тараткан маалыматка ылайык, селдин кесепеттерин жоюуга Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде 20 куткаруучу, «Кыргызнефтегаз» ААКдан 8 кызматкер, 1 трактор, а/а 20 кызматкер, 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, ИИМден 65 кызматкер, Медицина кызматынан 1 тез жардам бригадасы, Жарандык коргонуу кызматтарынан 15 кызматкер, 4 инженердик техника, жергиликтүү тургундардан 3 экскаватор, 2 жүктөгүч, 1 самосвал тартылган. Жеринде жалпысынан 134 кызматкер, 13 инженердик техника иштеп жатат.

«Тилекке каршы, Эски-Кочкор-Ата айылынын кичинекей тургуну Э.Ж. атуу өспүрүмдү сел алып кеткен. Анын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан саат 19:10до табылып, жакындарына беришкен.

Момбеков айыл аймагындагы сел каптаган Бостон айылында 2143, Эски-Кочкор-Атада 500 кожолук бар. Учурда эки айылдагы кооптуу болгон жалпы 300 турак үйдүн жашоочулары убактылуу эвакуацияланды», — деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары, сел суулары Бишкек – Ош унаа жолунун 518-чакырымын каптап, 1 чакырым аралыктагы жолдон сел суулары аккан. Саат 21:10до аталган унаа жол тазаланып, бир тараптуу ачылды.

Количество просмотров: 196