• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалал-Абаддын экс-губернатору кармалды

12 Бештин айы 202414:46 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш экс-депутаты, Жалал-Абад облусунун экс-губернатору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабаралашты.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында коррупцияга шектелип кармалган КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин экс-министри, КР Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, Жалал-Абад облусунун экс-губернатору У.С.И., 1995-жылдын декабрынан 1996-жылдын апрелине чейин «Кыргызтрансавто» мамлекеттик акционердик коомунун төрагасы болуп турган учурда, айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен «Токчулук» мамлекеттик акционердик коомунун акцияларын мамлекеттин эсебинен сатып алып, андан кийин мурдагы Балыкчы эт комбинатынын кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз жеке менчикке алып чыккандыгы аныкталган.

Бүгүнкү күндө жогорудагы кыймылсыз мүлктүн наркы 626 млн. сомду түзөт.

Азыркы учурда белгиленген коррупциялык схемага башка адамдардын катышы аныкталууда жана мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктү кайтарып алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Кармалган жаран Урманаев Султан Исакунович экени айтылууда, УКМК тараткан инициал анын аты-жөнүнө туура келет.

Количество просмотров: 242