Жалал-Абадда жаңы автобекеттин курулушунда мыйзам бузуулар боюнча эскертүү берилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө.
Иш-чаранын алкагында Манас шаарынын Б.Аттокуров көчөсүндө жайгашкан муниципалдык базардын курулушу жана автобекеттин курулушу текшерилди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, автобекеттеги асфальт басууда биринчи катмары тегиз ныкталган (трамбовка) эмес жана имараттын чатырын жабууда кемчиликтер аныкталды. Мындай аракеттер курулуш ченемдерин одоно бузуу болуп эсептелет.
Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзгөн “Тянь Вэйго” ЖЧКсына карата акт түзүлүп, жазуу түрүндө эскертүү берилди.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти бардык курулуш субъекттерин курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзамдардын жана курулуш ченемдеринин талаптарын так сактоого чакырат жана мыйзамсыз курулуштар үчүн жоопкерчиликке тартыларын эскертет