• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жалилов: Эргешов «Агаханда» иштегендиктен Нооруздун таламын талашууда

24 Бирдин айы 2018 20:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.02.2018.Govori.TV

Дин аалымы Чубак Жалилов Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчиси Зайырбек Эргешовду «Агахан» фондунда иштегендиктен Ирандан чыккан Нооруз майрамынын таламын талашып жатат деп айыптады. Ал мындай билдирүүнү «Марал» радиосунда угармандын Сирия жана Йемендеги согуш тууралуу суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Зайырбек Эргешов Оштогу «Агахан» фондунун координатору болуп иштеген. Ошондуктан түбү Ирандан чыккан Нооруз майрамынын таламын талашып уламалар кеңешине арызданып жатат»,-деди Жалилов.

Чубак ажы мамлекеттик дин иштери боюнча комиссиясынын жетекчиси Зайырбек Эргешовдун дарегине мындан башка да катуу сөздөрдү айтты.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия мурдагы муфтий Чубак Жалиловдун Ноорузду майрамдоодон баш тартуу жөнүндө пикири тууралуу Аалымдар кеңешине билдирүү талабын жөнөтүп, “Ноорузду майрамдоодон баш тартууга” үгүттөө ошол эле кезде ханафит мазхабынын принциптерине да туура келбей турганы жана ислам динин Кыргызстан элинин салт-санаасына, маданий баалуулуктарына каршы коюу катары бааланары айтылган.

Количество просмотров: 3