Мектеп бүтүүрүчүлөрүн Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 4-15-май аралыгында жүргүзүлөт. Бул тууралуу 30-апрелде болгон брифингде билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков айтты.
Анын айтымында окуучулар тестирлөөгө даярдыктарын токтотпошу керек.
“4-майдан 15-майга чейин Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо ачылат. Ал эми тестирлөөнүн өзү 21-22-июнь күндөрү өтөт. Бул үчүн бөлмөлөрдүн ичи дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат”, — деди Исаков.
Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 26-февралда башталып, 3-апрелде аяктамак. Бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу каттоо убактысы кийинкиге калтырылган.