• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жаманбаева психиатриялык оорулар менен жабыркаган адамдардын укуктарын камсыздоого чакырат

5 Жалган куран 2024 15:19 Бишкек Govori.TV

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды психиатриялык оорулар менен жабыркаган адамдардын укуктарын камсыздоого чакырат. Бул тууралуу Акыйкатчылыктан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Акыйкатчы психиатриялык оорудан жапа чеккен адамдар алсыз болуп, катаал мамилеге же кыйноого дуушар болушу мүмкүн экенине тиешелүү мамлекеттик органдардын көңүлүн бурат.

«Акыйкатчынын Баткен облусунун өкүлчүлүгү мандатына ылайык Кадамжай районундагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде мониторинг жүргүздү. Мониторингдин жыйынтыгында 19 адамдын паспорту жок экени белгилүү болду. Алардын 15и эркек, 4ү аял киши. Өздүгү такталбаган жарандардын аталган мекемеде жүргөнүнө көп жыл болсо да, алардын кайдан, качан келгени, жашы канчада экени жана аттары белгисиз», — деп жазылат маалыматта.

Акыйкатчы Инстиутуту өз мандатына ылайык бейтаптардын укугун камсыздоо максатында тийиштүү мамлекеттик органдарга расмий каттар жөнөттү.

«Расмий маалымат боюнча 19 бейтаптын, 11 нин адам туулгандыгы тууралуу актылары да жок болуп чыккан. Ага байланыштуу алар туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала алышкан эмес. Материал даярдалып жаткан учурда, 19 адамдын бирөөнө паспорт берилген. Калган 7 бейтап боюнча өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат.Расмий маалымат боюнча жалпы психоневрологиялык социалдык стоционардык мекемелердин 142 жашоочусунун паспорту жок. Өз кезегинде, мындай жашоочулардын өздүгүн тактаган документтеринин жоктугуна байланыштуу өздөрүнүн социалдык-экономикалык жана башка укуктарын пайдалана алышпайт. Андан сырткары, паспортторунун жоктугунан айрым бейтаптарды ден соолугуна байланыштуу аларды башка психоневрологиялык мекмелерге которууда кыйынчылыктар жаралат», — деп кошумчалашты мекемеден.

Акыйкатчы мамлекеттик органдарды Адам укугунун жалпы декларациясына жана улуттук мыйзам ченемдерине ылайык алардын укуктарын камсыздоого чакырат.

Количество просмотров: 78