• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жапаров Алматыга жумушчу сапары менен келди

2 Бирдин айы 202314:14 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Алматы шаарына (Казакстан Республикасы) жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына, «Жаңы реалдуулуктагы санариптик өнөктөштүк» санариптик форумунун жалпы жыйынына катышат.

Количество просмотров: 705