• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору менен жолугушту 

22 Жетинин айы 202418:22 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Ву менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде экономикалык өсүш жана туризм үчүн жаңы горизонтторду ача турган, жол жүрүү убактысын олуттуу кыскартуучу Алмата-Ысык-Көл автожолун куруу, ошондой эле кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы автомобиль өткөрүү пункттарын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Тараптар экономиканын туруктуу өсүшүнө жана аймактык кызматташтыкты чыңдоого көмөктөшүүчү олуттуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Количество просмотров: 165