• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров: «Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат»

20 Бештин айы 202411:30 Бишкек Govori.TV

Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун расмий курулушу 27-декабрда башталат. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Элдик курултайда сөз сүйлөп жаткан президент Садыр Жапаров билдирди.

 Президент бул жол чыгыш менен батышты байланыштырган стратегиялык көпүрө болуп, соода, туризм, өнөр жайдын өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат дейт.

“Биз бул долбоорго киришкенде ага ишенбегендер “бул жомок” деп шылдыңдап күлгөндөр болгон. Азыр ал ишке ашып жаткан кадимки долбоор экенине баарыңыздар күбө болуп жатасыздар”, — деди президент.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 6-июнунда Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосунда темир жол долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү боюнча келишимге кол коюлуп, каржылоо маселеси чечилген. Жогорку Кеңеш келишимди 19-июнда ратификациялап, президент Садыр Жапаров 27-июнда кол койгон.

Количество просмотров: 179