• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Жапаров менен Путиндин сүйлөшүүсү боюнча басма сөз кызматтары эки башка маалымат таратышты

27 Бирдин айы 2022 12:13 Бишкек Govori.TV

Орусиялык «РИА новости» агенттиги Кремлдин басма сөз кызматына таянып, «Садыр Жапаров Орусиянын аракеттерин колдой турганын билдирди» деп жазып чыгышты.

«Садыр Жапаров Минск келишимдерин бузгандыгы үчүн Киевдин жоопкерчилигин белгилеп, Донбасстын карапайым калкын коргоо боюнча орус тараптын чечкиндүү аракеттерин колдой турганын билдирди. Мындан тышкары өлкө лидерлери Украинадагы кырдаалды талкуулап, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштыктын орус-кыргыз мамилелерин ар тараптуу чыңдоого эки тараптын ниетин ырасташты», — деп жазган агенттик.

Ал эми Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы да бул сүйлөшүү тууралуу маалымат берген.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Украинадагы кырдаалга байланыштуу комментарий берип, Кыргызстан эки тарап тынчтыкка тез арада жетишине үмүттөнөрүн белгиледи.

“Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстан тараптардын тынчтыкка тез арада жетишине үмүттөнөрүн белгилейбиз. Биз түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууну кубаттайбыз, анын ичинде мындан аркы жоготууларга жана кыйроолорго жол бербөө үчүн сүйлөшүүлөр жолу менен да”, — деп билдирген ал.

Количество просмотров: 1449