Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Шамбы-Сай кенинен алтын казылбай турганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 20-июнда Кадамжай районунда, жергиликтүү тургундар менен жолугушкан учурда билдирди.
«Мен Шамбы-Сай кенин мыйзамдуу болсо, зыяны жок болсо казсаңар болот деп айткан элем. Мен өз көзүм менен көрдүм. Казса болбойт экен. Бул маселеге чекит койдук», — деди Жапаров.
Кадамжайдагы Шамбесай кенин иштетүүгө жергиликтүү тургундар каршы чыгып келишкен. Алар кен ишке кирсе, аймактагы Исфайрам суусу булганарын жана башка экологиялык маселелер чыгарын айтышкан.