• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жапаров Бельгияга барат

24 Кулжа 2024 10:47 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 24-26-июнда Бельгия Падышалыгына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Мамлекет башчысы 25-июнда Бельгиянын падышасы Филипп менен жолугушат. Ушул эле күнү президент Садыр Жапаровдун Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель менен расмий жолугушуусу өтөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Европа биримдиги жана Бельгия менен соода-экономикалык кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланат.

Сапардын жыйынтыгы боюнча эки жактуу биргелешкен документтерге кол коюу күтүлүүдө», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Количество просмотров: 81