• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров: Өзгөчө кырдаалдар министрине 10 кандидат сунушталып, 9у коррупционер болуп чыкты

11 Жалган куран 202611:46 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри кызматына сунушталган талапкерлердин көбү коррупциялык иштерге аралашканын билдирди.

«Кечээ өзгөчө кырдаалдар министри кызматына сунушталган 10 талапкердин ичинен 9у коррупционер болуп чыкты. Аларга ушундай корутунду берилди. Дээрлик ар бир талапкер боюнча ар кандай фактылар аныкталды. Бирин карасаң — бир ишке аралашкан, экинчисин сунуштасаң — башка ишке аралашкан, үчүнчүсү — ар кандай схемаларга аралашыптыр», — деди Жапаров.

Количество просмотров: 154