• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапырт камоо: Акыйкатчы камактагы аялдардан кабар алды

1 Жетинин айы 2022 10:16 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова тергөө абагында отурган аялдардан кабар алды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева жана Клара Сооронкулова менен жолуктум, «кармалган жайда чогуу турган айымдардын баарына укуктук консультация, жардам бер» дешти. Орозайым Нарматовага да жолуктум. Туугандарына, өзгөчө атасына «салам айтып коюңуз, көп кайгырбасын» деди»,-деп жазды.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу «массалык башаламандык уюштурууга даярданды «деген шек менен камакка алынгандардын жалпы саны 26га жетти. Аларды бошотуу өтүнүчү менен жарандык коомдун өкүлдөрү, укук коргоочулар жана активисттер бийликке кайрылган.

Количество просмотров: 248