• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жарабай калган вакциналардын болжолдуу баасы 840 миң сомду түзөт

19 Бугу 2021 17:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы №2 Үй-бүлөлөк медицина борборунда коронавируска каршы вакцина сакталган муздаткыч өчүрүлүп, жарабай калган «Спутник V» вакцинасынын болжолдуу баасы 840 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Govori.TV агенттигине Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.

Анын айтымында, бул чыгымды ким көтөрөөрүн Саламаттык сактоо министрлиги иликтеп, териштирип ордун толтуруу аракетин көрөт.

«Окуя апрелдин аягында болгон. Вакцинанын ошол партиясы азыр эсетен чыгарлган. Элди эмдөөгө колдонулган жок. Текшерүүнүн жыйынтыгында Үй-бүлөлүк медицина борборунун директоруна, анын орун басарына жана эмдөө бөлүмүнүн үч кызматкерине карата сөгүш жарыяланды. Дагы да тиешелүү териштирүүлөрдү министрлик жүргүзүп, жыйынтык чыгарат. Себеби, жогорку орган катары жоопкерчилик алат», — деди вице-мэр.

Ал кошумчалагандай муздаткычтагы баардык 994 дана доза эсептен чыкты.

Ал эми Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жараксыз болуп калган вакцинанын чыгымдарын №2 Үй-бүлөлүк медицина борбору көтөрүп калуусу мүмкүн дейт.

Анын айтымында, учурда тактоо иштери жүрүүдө, жыйынтыгына жараша жазасы да көрүлөт.

Белгилүү болгондой, Бишкек шаарына жалпы жонунан «Спутник V» вакцинасынын 6800 дозасы бөлүнгөн.

Количество просмотров: 395