Жарандык авиация агенттигине жаңы жетекчи келди. Бул тууралуу Жолдор жана транспорт министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн министр Бакыт Бердалиев агенттиктин жаңы жетекчиси Сталбек Шаршеевди жамаатка тааныштырган. Шаршеев буга чейин ушул эле кызматта жетекчинин милдетин аткаруучу болуп иштеп кеткен.
Белгилей кетсек, жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев ээлеген кызматынан бошотулган. Ага ылайык, аны кызматтан алуу боюнча буйрукка өкмөт башчы 13-ноябрда кол коюп кеткен.