• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жарандык коомдун өкүлдөрү «чет элдик агент» мыйзамына каршы акция өткөрүштү

26 Кулжа 202310:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-июнда жарандык коомдун өкүлдөрү Ак үйдүн алдында «чет элдик агент» мыйзамына каршы акция өткөрүштү.

Ошондой эле алар Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана бейөкмөт уюмдардын конституциялык укуктарын калыбына келтирүү боюнча Жогорку Кеңешинин депутаттарына жарандык кайрылуу жасашты.

«Бир Дүйнө — Кыргызстан» укуктук кыймылы» коомдук бирикмесинин жетекчиси Төлөкан Исмаилова төмөндөгүлөргө токтолду.

«Депутаттар коомдогу көйгөйлүү нерселерди чечип, жакшы мыйзамдарды чыгарышы зарыл. Бейөкмөт уюмдарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы демилгелерин артка кайтарып алып, жакшы жолго түшүү менен биз менен биргеликте иш алып барууга аракет кылышы керек»,-деди Исмаилова.

Количество просмотров: 85