• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

«Чет элдик агент» мыйзамын демилгелеген депутаттардын Батышка баруусуна тыюу салуу керекпи?

7 Кулжа 2023 13:45 Бишкек Govori.TV

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна жарандык коомдун өкүлдөрү каршы пикирин билдирип, тынчсызданууда.

Аталган мыйзам долбоордо Надира Нарматова менен чогу авторлош 32 депутат көрсөтүлгөн. Алар: Нарматова Н.А., Садырбаева Ж.Э., Култаева Г.О., Кыдыкбаев Ж.С., Ташиев Ш.К., Атажанов Ы.Ы., Алимбеков Н.К., Сулайманов К.К., Ханджеза К.Л., Коргонбай уулу Ж., Маткеримов А.Т., Сарыбашов Т.Н., Исмаилов Ф.Д., Козуев А.А., Абдалиев М.А., Кенжебаев А.Б., Матраимов И.И., Мамасадыков З.Д., Ражабалиев Н.А., Алтынбеков А., Эрбаев А.Т., Токторбаев Ж.Ш., Боронбаев А.Ж., Сыдыгалиев Н.О., Шабазов Б.В., Масабиров Т.А., Малиев А.К., Жамгырчиев Э.Э., Токтошев Э.Т., Сарбагышев М.К., Чойбеков Б.К., Атазов Ш.К., Түмөнбаев А.Т.

Буга чейин “Адилет” укуктук клиникасынын жана “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын юристтери чуулгандуу демилгелердин көтөрүлүшү жарандык сектордун жоюлушуна алып келерин билдиришкен. Алардын комментарийлерине көңүл бурулган эмес.

Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын коалициясы чет өлкөнүн элчиликтерине Кыргызстандагы сөз эркиндиги менен демократияны чектеген мыйзам долбоорлордун демилгечилеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөгө чыгышына чектөө киргизүүгө чакырган кайрылуу жолдошкону белгилүү болду.

«Чет элдик агент» мыйзамын демилгелеген депутаттардын Батышка баруусуна тыюу салуу керекпи?депутаттардын пикирин уктук…

Количество просмотров: 321