• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жаркынбек Касымбеков жаңы кызматка дайындалды

20 Үчтүн айы 202315:52 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары Жаркынбек Касымбеков Коомдук саламаттыкты сактоо институтунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты министрликтин басма сөз кызматы тастыктады.

Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институту — бул мурдагы «Алдын алуучу медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмеси.  Ага былтыр декабрь айында «улуттук» статусу ыйгарылган.

Касымбеков өткөн жылдын 7-декабрда саламаттык сактоо министринин орун басары кызматынан бошотулган.

Количество просмотров: 117