• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жарнамалоого тыюу салынган оккульттук-мистикалык кызматтардын тизмеси бекитилди. Алар кайсылар?

13 Жетинин айы 202412:20 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинети «Жарнама жөнүндө» мыйзамды ишке ашыруу максатында оккульттук-мистикалык кызмат көрсөтүүлөрдү жарнамалоого тыюу салды.

Министрлер кабинети жарнамалоого жол берилбеген кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекиткен.

Тизмеге сыйкырдын таасирин колдонуу, төлгө ачуу, көзү ачыктык кылуу, баш айландыруу, окутуу, ийгиликке жана финансыга жол ачуу, каргыш жана дубалоо сыяктуу кызматтар, ошондой эле спиритизм, шаманизм кирди. Мындан тышкары саламаттык сактоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын уруксаты берилбеген (аккредитацияланбаган) альтернативдүү дарылоо, көз карандылыктан арылтуу, бүбү-бакшылык, дубалап айыктыруу усулдарына да тыюу салынган.

Эске салсак, ЖК депутаты Марлен Маматалиев “Жарнама жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизип, көзү ачык, бүбү-бакшыларды жарнама кылууга тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштаган. Аны парламент кабыл алып, ал эми 19-июлда президент Садыр Жапаров мыйзамга кол койгон.

Количество просмотров: 93